Газета «Кошой ордо», №3 (52) март, 2007-ж. «Ак-Муздуктар ак дилден ыраазы»
Депутат шайлоочулар менен жолугушту.
АК-МУЗДУКТАР АК ДИЛДЕН ЫРААЗЫ
Жакында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеўешинин депутаты Аскар Салымбеков жергебизге келди. Жолдо жер титирєєдєн жабыр чеккен Кочкор районуна токтоп, «Дордой» Ассоциациясынын жана єзїнїн атынан кєлємдїї кємєгїн тапшырды. Атап айтканда, 300 миў сом жана бир машина айнек берди. Мындан тышкары, бир чакан эт комбинатынын жабдуусун камсыздайт. Мындай бараандуу жардамга кочкорлуктар да жїрєк тереўинен чыккан чоў ыраазычылыктарын билдиришти.
Эл єкїлїбїздїн жергебиздеги жолугушуусу Акмуз айылынын тургундары менен болду. Баарлашуу чын пейилден, тереў тїшїнїшїї жана ишкер маанайда жїрдї. «Элим, жерим їчїн эч аянбай!» деген дил ыкласы менен келаткан Аскар Мааткабылович бул жолу да куру келбеген салты менен айылдыктарды кубантты. «Дордойдун» єз єндїрїшїнєн чыккан ар бири їч орундуу туташ отургачтардан 80ди тапшырды, бул жалпысы 240 орундук. Ар биринин баасы 1 125 сомдон. Айылдыктардын єтїнїчї менен орундуктун саны 350 жеткирилмей болду. Ошондо алардын жалпы наркы 131 625 сомду тїздї.
Ушул орундуктар коюла турган клубдун курулушу толук бїтє элек экен. Союз учурунда эки кабат болуп башталып, кийин урап-кулап, тонолгон клубду бир кабат кылып кай