Журнал «ЗАМАНДАШ», 2006, № 11 (40) (26-27 стр.) «Атажурт алдында абийирим таза»
- Аскар Мааткабылович, той кут болсун! Маараке алдында «Дордойдун» жаралыш тарыхын баян этээрсиз?
- Мен чет өлкөлөргө командировкага көп барчумун. Ар дайым алардын жашоосуна байкоо жүргүзүп, Батышта элдер кандай жашашканын, Батыш экономикасы кандайча өнүгүп атканын өз көзүм менен көргөндөн кийин «эмнеге биз ушинтип жашай албайбыз» деген ойлорго сөзсүз кабылбай койбойсуң. Албетте, советтик өлкөлөр менен капиталисттик өлкөлөрдү салыштырасың. Ал жактарда жашоо такыр башкача. Бир эле мисал: кайсы чет өлкөлөргө барба, толтура супермаркеттер, азык-түлүк кенен, а бизде болсо кант-чайды талон менен беришчү. 1900-жылы Италияда эл агылып келип-аткан бир чоң базарды көрдүм. Анан Бишкекке дал ошондой базар ачууну ойлонуп келдим да, оюмду ишке ашырганга кириштим. Базарды «Дордой» деп атаганым да жөн жерден эмес. Дордой менин үчүнчү атам. Анын тогуз баласы болгон. Атбашы өрөөнү Дордой атамды жакшы билишчү. Ошол аймакта чиеленишкен кандай гана маселе болбосун, ал адам аралашмайын чечилген эмес. Өз учурунун кадырман карыясы болгон Дордой ата диний билимге ээ болгондуктан тогуз уулун элдин таламын талашкан эр азаматтардан кылып тарбиялаган. Кадыр-баркка, урмат-сыйга жеткен, калыс адам болгон. Мен өзүмдүн жеке турмушумда бала күнүмдөн бери Дордой атамды туу тутуп жашап келем.
Мектепте окуп жүргөн кезимде футболго кызыгаар элем. Айылдагы көчөмө-көчө футбол командаларын уюштуруп, топ сатып алып, командаларга окшош футболкаларды кийгизип, мелдеш өткөрчүмүн. Ошондо менин көчөмдүн командасына «Дордой» деп ат койгон элем. Азыркы күндөгү дүйнөгө атагы чыккан «Дордой» Ассоциациясы, «Дордой» футбол командасы, «Дордой» көкбөрү федерациясы менин бала күнүмдөн бери көкүрөгүмдө келаткан аруу тилектеримдин, турмуштук чоң максаттарымды ишке ашканынын күбөсү. Буга чейин биздин элге жат сезилген базар мамилесиндеги ишкерликтин башында турган «Дордойдон» он беш жыл ичинде көптөгөн ири жеке ишкерлер тарбияланып чыгып, алар да өздөрүнүн ишкерликтери менен мамлекетибиздин экономикалык жактна өнүгүшүнө кандайдыр бир салымын кошуп келет. Ошондой эле бүгүнкү күнгө Россия, казакстан, Түркия жана башка чет өлкөлөрдө ишкердик менен алектенип жүргөн мыкты бизнесмендердин көпчүлүгү ушу «Дордойдон», өсүп-өнгөндөр, «Дордойдон» тарбия-таалим алгандар.
Бүгүнкү бийик дэңгээлге кантип жетиштиңиздер?
- «Дордой» эркиндикти алган эгемендүүлүктүн өзү менен кошо жаралды десек да болот. Эгемендүү өлкөбүз экономикалык-социалдык кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жатканда анын таасиринен сырт калган жокпуз. Дегеним, «Дордой» чу дегенде эле бүгүнкүдөй абалга жеткен жок. Өлкөдөгү кыйынчылык биздин да башка түшкөн. Талбаган эмгек менен ошол кыйынчылыктардын баарын жеңип, бир кездеги соода-сатык, базар мамилеси менен чектелген «Дордой», азыркы учурда доор менен үзөнгүлөш болуп, ЖЧК «Дордой базары», ЖЧК «Аламүдүн базары», ЖЧК «Мурас-спорт», АО «Кенеп фабрикасы», ТРК «Дордой-Азия», ЖЧК «Zimaletto», АООТ «Кыргызмебель», ЖЧК «Дордой ордо», ЖЧК «Ак-Таш-Мрамор», ЖЧК «Дордой-Сикьюрити», ЖЧК «Офтальмик-сервис», ЖЧК Консальтинг финансылык «CFG» тобу, «SHENTSOV» юридикалык компаниясы, ЖЧК «Дордой-Плаза» соода үйү, «Кой-Таш» клуб-отели, «Дордой» спорт клубу, «DORDOI MARINE-CLUB» (Дордой деңиз клуб) пансионаты, ЖЧК «Дордой-Тур», «Дордой Жибек-Жолу» турфирмасы, ЖЧК «Синематика», «Дордой Динамо» футболдук клубу, «Мурас Спорт» футболдук клубу, «Көк бөрү», «АС» Артгалереясы аттуу көп тармактар боюнча иш жүргүзөт. Жалпы Ассоциацияда үч миң киши айлык алып эмгектенет.
- Ал эми башка тармактарды эске албаганда, бир гана «Дордой» базарында 100 миңден ашуун адам эмгектенип, турмуш-тиричилигин өткөрүп жатат. Кыскасы, «Дордой» Ассоциациясы тогуз уулдуу Дордой атамдай кадыр-барктуу, тамыры терең кеткен, канат-бутагы жайылды. Андыктан «Дордой» менен сыймыктанам.
-Аскар Мааткабылович, «Дордой» десе эле баардыгы коммерциялык багыттагы Ассоциацияны элестетишет. Коммерциялык эмес багытта дагы иш жүргүзөсүздөрбү?
– Албетте, коммерциялык эмес багытта, Нарын шаарында «АС» Арт-галереясы, ошондой эле «Теңир-тоо» фольклордук ансамбли, «Октябрь» кинотеатры жергиликтүүкалкты маданий жактан тейлеп келет. Бул коммерциялык эмес багыттагы тармакка «Дордой» спорт клубун кошсок болот. Кыргыз маданияты менен спорттун өнүгүүсүнө зор көмөк көрсөтүп жаткандыгы «Дордой» Ассоциациясынын өлкөбүз үчүн жасап эң пайдалуу иштеринин бири десем жаңылышпайм. Мындан сырткары «Дордой» жетим балдарга, кары-картаңдарга жыл сайын материалдык жардам көрсөтөт. Мындан сырткары искусствонун өкүлдөрүнө, алдыңкы спортсмендерге, студенттерге жардам берип, таланттуу балдарды ар дайым колдоп келебиз. Жалпысынан алганда «Дордой» жыл сайын кайрымдуулук иштер үчүн 10 млн. сом бөлөт. Бул жылы Нарындагы жатак мектебин жана Бишкектеги №4 кесиптик-техникалык окуу жайды өз карамагыбызга алып, чоң жардамдарды көрсөтүп атабыз.
- Ушунча көп өзүнчө ар кандай маслелери болот эмеспи. Ошолордун ичинен салык маселеси Сиздерде кандай болууда?
-Салык маселесинде бизде проблема жок. Ар бир тармак өз убагында мамлекетке салык төлөйт. Элимдин патриот уулу катары мамлекеттик салыктын бир тыйынын кемитпей төлөйм. Анткени биз төлөгөн салык мамлекттин экономикалык жактан өнүгүшүнө кандайдыр бир деңгээлде өз салымын кошот.
- «Дордой» Ассоциациясы эмне үчүн спирт ичимдиктерин чыгаруу, же болбосо чылымдык товарларды өндүрүп, же ушул багытта жүргүзбөйсүздөр?
- Биз жаңы уюшулуп атканда көп ишкерлер ушул багытта бизнес долбоорлорду сунуш кылышкан. Албетте, спирт ичимдиктерди жана чылымдык товарларды өндүрүү же сатуу рентабелдүү бизнес болуп саналат. Бирок, мен элимди спирт ичимдиктерине сугарып, ден соолугун кара түтүн менен ууландырып акча тапкым келген жок. Эгер ошол менен акча тапсам, анда менин эл-жеримди сүйгөндүгүм кайсы? Мен ар дайым кыргыз элимди таза жашоого үндөп келем. тарых барактары ырастагандай биз улуу элибиз, улуулугубузду сактоого ар бирибиз милдеттүүбүз. Бул улуулукту ата-бабаларыбыз мурас кылган. Биз дагы келечек-муундарга мурас кылыпкалтырышыбыз керек.
- Кечиресиз, Аскар Мааткабылович,Сизге ушул жерден бир собол. Жакында эле Кытайгатзавод ачып, «Шоро» фирмасынын продукцияларын өндүрө баштадыңыздар. Бирок, айрым чиновниктер «Салымбеков капиталды Кытайга ташып атат» деп чыгышты. Буга не дейсиз?
- Өткөн жылы мен Бишкек шаар мэринин кызматын тапшырганга Кыргызстан үчүн кызмат кыла турган экономикалык жана эларалык пландагы бир долбоор ойлодум. Ал долбоорду «Шоро» компаниясын негиздеген ишкер Таабалды Эгембердиевге сунуштасам, сүйүнүч менен кабыл алды. Үстүбүздөгү жылдын 18-июлунда Артыш шаарында кыргыз улуттук суусундуктарды чыгаруучу завод ачтык. Азыр биздин улуттук суусундуктар Кытай жергесинде кеңири сатылууда. Айрым чиновниктер айткандай мен капиталды Кытайга ташыган жокмун. Завод десем эле 5-6 кабат заводду элестетпегиле. Кадимки эле бир кабаттуу завод. Баардык нерсе кичинеден башталат эмеспи. Ачык айтсам, ал завод эки чиновниктин үй салган акчасына салынды. Бирок, кеп анын канча акчага салынганында эмес, ошол бизнес долбоордун Кыргызстан боюнча эларалык инвестициялык долбоор болгондугунда жатат. Жаңы башталган өндүрүштү жолго салыш үчүн «Шоро» компаниясынын президенти Таабалды Эгембердиев өзүнүн үйбүлөсү менен жумушчулар жашаган жерде жашап, жумушчулар жеген тамакты жеп, Мекендин келечеги үчүн жанын үрөп иштеп, азаматтык кылууда. Бул Таабалдынын патриоттуулугу, Атажуртун сүйгөндүгү. Кытайда жашаган кыргыздар «Аскар ага, Сиз кытайлык кыргыздардын баркын көтөрүп койдуңуз. Биз уйгурладын, кытайлардын алдында ушул иш-чара менен сыймыктанып атабыз» – деп айтышты. Эгер мен жеке өзүмдүн кыргызчылыгымды ойлосом, Кытайдын бир шаарында жашаганга үй же болбосо дүкөн, ресторан сатып алмакмын да. Элимди ойлогондугум үчүн бизге инвестиция алып келчү иш-чараны баштадым. Кытайдагы шоро чыгаруучу завод – бул чоң ийгиликтүү иштердин башталышы жана Кыргызстан үчүн жетишкендиктердин бири деп сыймыктануу менен айта алам.
- Келечектеги пландарыңыз жөнүндө билсек болобу?
- Элимден жашырган эмнем бар. Алыскы келечек жөнүндө айтпасам дагы жакында аткарыла турган иштер боюнча азыноолак айта кетейин. Кудайым буюрса, Бишкек шаарына эларалык стандарттагы кинотеатр курганы жатабыз. Мындан сырткары, дагы бир бизнес борбор ачсамбы деп турам. Эми кийинкилерин келечек өзү көрсөтөр.
- Өзүңүздүн атуулдук милдетиңизди аткарып, Атажурт үчүн алгылыктуу иштерди аткарып жүрөсүз, Ассоциациянын иштери, аны менен бирге депутаттык ишмердигиңиз, билген жанга чоң түйшүк эмеспи. Ушунча көп иштерди аткаруудан чарчаган жоксузбу?
- Чарчадым деп айткым келбейт. Менин элим үчүн жасай турган ой-тилектерим али көп. «Эл жерин сүйбөгөн эр жигиттен не пайда» -дегендей, эл-жерим үчүн эч нерсемди аянбайм. колдон келген кызматымды кылгым келет. Ар дайым ак иштеп, ак сүйлөп, ушул даражага жеттим. «Жандооч кийик аттырат»- дешет элибиз. «Дордойдун» ийгили жалгыз гана менин ийгилигим эмес, «Жоону чапса, ким чапты, аты калды Манаска» – дегендей мени колдогон, мени сүрөгөн «Дордой» Ассоциациясы жана калдаган калың журтум, жөлөк-таяк болчу тууган-урук, үйбүлөм бар. Булар турганда Мекен үчүн ар дайым кызмат кылууга даярмын. ьирөөнүкүн уурдабадым, бирөөнүкүн тартып албадым. турмушта бардык нерсеге өз эмгегим, өз күчүм менен жеткениме сыймыктанам. Кыскасы, Ата-журт алдында абийирим таза!
P.S. Россия жана Казакстандагы кыргыз диаспорадарынын «Замандаш» Ассоциациясын он беш жылдык мааракеси менен куттуктайм. Бар болгула, «дордойчулар»!