Газета “Агым” №68 (539) 13.11.2007. “Дордой” чемпион! Сурат Жылкычиев
«Дордой» чемпион!
Кыргыз Республикасынын биринчилиги формалдуу турдо аяктабаса да, эртелеп чемпиондук жылуу орунду ушуну менен тортунчу жолу Нарындын «Дордой-Динамосу» женип отурат. Ишемби (10-ноябрь) куну “Спартак” стадионунда кезектеги турнирдик оюнда Канттын “Абдыш-Ата” клубу менен тен чыгып (0:0), Б. П. Подкорытовдун кол астындагы топ тепкичтер бул чон женишке отуру. Ушундан улам Борис Петровичке собол таштадым.
- Бугун беттешуу тууралуу кыскача оюнузду айтып койсонуз.
- Астыбызга койгон чон маселени чечип койдук. Таймашка чыгар астында балдардын даярдыктарды жетишерлик эле. Биринчи максатыбыз коргонуу жагын кучотуп, ыгы келе калганда атаандаштын дарбазасына бир-эки топ киргизип койсок коп эле болду, бирок эн негизги, бугунку оюндун жыйынтыгы бизге чемпиондук наам алып келди.
- Чемпион демекчи, Санкт-Петербургда КМШ жана Балтия олколорунун салтка айланып калган “шекиртештер кубогу” бар эмеспи?
- Ооба, бу жолку барганыбызда жок дегенде бир команданы утсак, биз учун чон олжо болот. Себеби, ал жерге баргандардын баары эле жонокой командалар эмес. Кобунесе Европаны титиретип жургондор.
- Бугунку оюн астында клубдун оюнчусу Замир Жумагуловду чон футболдон узаттык…
- Бу жигит оз убактысында мыкты оюндарды коргозуп, команданын бир бучкагын чоюп келген. Азыр футбол талаасында мага жардамчы болуп иштегени атат. Мен учун чон сыймык. Бул жигиттин бир эле озгочолугун айтып коеюн. Атаандаштын дарбазасынын жанында мумкунчулук келип калган учурду текке кетирчу эмес.
Замир Жумагулов:
“Канча мугалимге жек корундум”
“Дордо-Динамо” клубунун мыкты оюнчусу, чабуулчусу Замир Жумагулов чон футбол менен коштошту, бирок алыс кетпеди.
- Замир мырза, футбол оюну сиз учун эмнени туюндурат. Башаты кайда жатат?
- Азыр баарынын баштарын бириктирип бир соз менен айтуу кыйын. Бул эми чындап келсе бир адамдын омур жолу. Бала чакта мектепте баратып сумкама топ сала барам. Ал жерде танапис учурунда эки жаат
боло калып футбол ойномой. Сабак унутулуп, баш-отубуз менен кирип кетебиз. 10-номурлуу футболканы кийип алып чанызгытып, футбол талааны алты которуп сапар элем. Мугалимдер менен эле чырлашып журмой. Кийин “Алгада” андан сон Аскар Салымбеков агайдын “Дордойунда” ойноп, баар таптым. Аскар агай уй алып берди, бир уул, бир кыздын атасымын. Уулумдун да жондому бардай корунот. Аны убакыт корсотоор.
Даярдаган Сурат Жылкычиев